Административдик аймактык реформа жүргүзүүнүн натыйжасында жумуштан бошой турган  муниципипалдык кызматкерлердин укуктарын коргоону камсыз кылуу”  темада Ош обкомунун  окуу-семинары

Административдик аймактык реформа жүргүзүүнүн натыйжасында жумуштан бошой турган муниципипалдык кызматкерлердин укуктарын коргоону камсыз кылуу” темада Ош обкомунун окуу-семинары

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик, муниципалдык мекемелер жана коомдук тейлөө кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин Президиумунун 29.09.2023 ж. № 13/6 Токтомуна ылайык профсоюздун Ош аймактык комитети 2023 жылдын 2 ноябрь күнү Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарынын профактивине “Административдик аймактык реформа жүргүзүүнүн натыйжасында жумуштан бошой турган мамлекеттик, муниципипалдык кызматкерлердин укуктарын коргоону камсыз кылуу” деген темада окуу-семинар өткөрдү.

         Окуу-семинарга КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын башкы адиси Абдыжапаров Ж., КР Министрлер Кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин түштүк аймактар аралык бөлүмүнүн бөлүм башчысы Ыбышова Г.Т., жана Профсоюздардын Ош облустук Кеңешинин төргасы Тажиев Т.А. катышып, аткарылып жаткан иштер, алдыдагы иш чаралар боюнча маалымат беришип, суроолорго жооп беришти.

         Кыргызстан профсоюздар Федерациясынын окуу методикалык борборунун Ош, Баткен, Жалал-Абад облустары боюнча тренер-уюштуруучусу Сабиров Ш.О. окуу-семинарды өткөрүүгө чоң көмөк көрсөттү.

Добавить комментарий