Эл аралык профсоюздук жаштар форуму- ТЕМП 2023

Эл аралык профсоюздук жаштар форуму- ТЕМП 2023

үстүбүздөгү жылдын 26 июнунан тартып 2 июлуна чейин Беларусиянын борбор шаары Минск шаарында алтынчы Эл аралык профсоюздук жаштар форуму болуп өттү.

         Бул форумга: Россия, Казакстан, Озбекстан, Кыргызстан, Таджикстан, Туркменистан, Португалия, Въетнам, Беларусь мамлекеттеринин профсоюз тармагында иштеген алдынкы  жаштары катышты.

         Борбордук комитеттин атынан Жаштар Кенешинин координатору Айнура Асанова катышты.

         Алгач форумду  Беларусь Профсоюздар Федерациясынын төрагасы Михаил Сергеевич Орда ачып, форумдун жаралуу тарыхына токтолуп, андагы жаштар арасындагы тажрыйба алмашууда мындай форумдар аябагандай зор мүмкүнчүлүктөр экендигин белгилеп, жаны ыкмаларды үйрөнүү  жана профсоюздар тармагында  актуалдуу проблемаларды бирге талкулоого токтолду.

Аталган форумдун программасынын олуттуу бөлүгү Беларусиянын тарыхы жана каада салттары менен таанышууга арналды.  Катышуучулар Хатынь мемориялдык комплексине барып улуу ата мекендик согушта курман болгондорго гүл коюп эскеришти, андан кийин оор автомобильдерди чыгаруучу  “Белаз” заводуна,  жогорку технологиялар паркына, мамлекеттик китепканасына, бир нече тарыхий комплекстерге экскурсиялар уюштурулду.

         Андан сырткары форумдун катышуучулары тренинг сабактарга катышып, алардын мисалында профсоюздук уюмдардын  практикаларын изилдеп, жаштар саясатын ишке ашыруу, жаш адистерди колдоо жана социалдык өнөктөштүктөгү  тажрыйбалар алкагында талкуулашты.

         Форумдун аягында баардык мамлекеттерден келген жаштар МИТСО (Эмгек жана коомдук мамилелер Эл аралык университетин) спорттук аянтчасында аллея отургузуу менен жана сүрөткө түшүү, оюн зоок программалары менен аякталды.

Добавить комментарий