Өзгөн районунун профсоюздук ативине окуу-семинар өткөрүлдү

Өзгөн районунун профсоюздук ативине окуу-семинар өткөрүлдү

Мамлекеттик, муниципалдык мекемелер жана коомдук тейлөө кызматкерлер профсоюзунун Ош аймактык комитетинин төрагасы Бакытбек Рыспаевич Пазыловдун демилгеси менен 2023-жылдын 9-июнь күнү Өзгөн районундагы мамлекеттик, муниципалдык мекеме ишканалардын баштапкы профсоюз уюмдарынын төрага жана төрайымдарына окуу семинар уюштурулуп өткөрүлдү. Окуу семинарды Профсоюздардын Ош облустук Кеңешинин төрагасы Тажиев Толкунбек Аманович кириш сөз сүйлөп ачып берди. Окуу семинардын жүрүшүндө катышуучуларга баштапкы профсоюз уюмунда жүргүзүлүүчү иш кагаздардын үлгүлөрү, Эмгекти коргоо жана техникалык коопсуздук, иш берүүчүлөр менен жумушчунун ортосундагы эмгек мамилелер, баштапкы профсоюз уюмунун негизги функциялары, баштапкы профсоюз уюмунун укуктары жана милдеттери, профсоюз уюмундагы иш кагаздардын номенклатурасы жана иш кагаздардын жүргүзүлүүсү боюнча Кыргызстан профсоюздар Федерациясынын Окуу-методикалык борборунун Ош, Жалал-Абад, Баткен облустары боюнча уюштуруучу-тренери Шукурулло Сабиров жана Профсоюздардын Ош облустук Кеңешинин техникалык эмгек инспектору Акылбек Ысманалиев тарабынан кеңири маалымат берилди. Бардыгы болуп 23 баштапкы профсоюз уюмунун төрагалары, төрайымдары жана мүчөлөрү жалпысынан 29 киши катышты. Семинардын жыйынтыгында баардык берилген суроолор талкууланды жана катышуучуларга «Профсоюздардын алиппеси», деген методикалык колдонмо мындан ары профсоюз ишине пайдалануу үчүн берилди.

Добавить комментарий