Кара-Кулжа районунда мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер арасында волейбол боюнча мелдеш уюштурулду

Кара-Кулжа районунда мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер арасында волейбол боюнча мелдеш уюштурулду

2023 жылдын 7 март күнү тармактык профсоюздун профкомдорунун төрагаларынын Кара — Кулжа райондук Кеңеши (Төлөнов Сооронбек)  тарабынан 8 — март аялдардын Эл аралык күнүнө карата мамлекеттик жана муниципалдык аял кызматкерлер арасында валейбол боюнча мелдеш уюштурулду.

         Мелдешке үч айыл өкмөттүн жана райондук мамлекеттик администрациясынын командалары катышып, 1 — орунду Кара — Кулжа, 2 — орунду Ылай — Талаа, 3 — орунду Карагуз айыл өкмөттөрүнүн, ал эми  4 — орунду Кара — Кулжа райондук мамлекеттик администрациясынын командалары ээлешти.

         Жеңүүчүлөргө дипломдор жана акчалай сыйлыктар тапшырылып, майрамдык иш чарага чакырылган мамлекеттик, муниципалдык мекемелерде эмгектенишкен аял кызматкерлерге белектер берилип, сый тамак уюштурулду.

         Иш чарага профкомдордун төрагаларынын Кара — Кулжа райондук Кеңеши жана айыл өкмөттөрдүн профсоюздук уюмдары тарабынан 66,0 миң сом сарпталды.

Добавить комментарий