Чүй районунун профсоюздук ативисттери үчүн окуу семинар

Чүй районунун профсоюздук ативисттери үчүн окуу семинар

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик, муниципалдык ишканаларынын жана коомдук тейлөө кызматкерлеринин профсоюзунун борбордук комитети, 2023 жылдын 2 мартында,  Чуй   районунун мамлекеттик администрациясынын жыйындар  залында, аталган райондун айыл өкмөттөрүнүн жооптуу катчылары жана баштапкы  профсоюздук  уюмдарынын  төрагалары үчүн  Борбордук комитеттин 1 –жарым жылдык иш планынын алкагында:  профсоюз уюмунун негизги функциялары жөнүндө түшүндүрмө, баштапкы профсоюз уюмунун укуктары жана милдеттери баштапкы профсоюз уюмунда жүргүзүлүүчү иш чаралар, иш кагаздар, иш берүүчүлөр менен жумушчунун ортосундагы эмгек мамилелер жөнүндөгү темаларда  окуу семинар  уюштуруп өттү .

Семинарды Борбордук комитетинин төрагасы Намазов Кубанычбек Шаимбекович кириш сөз сүйлөп ачып берди.  

Окуу семинардын жүрүшүндө катышуучуларга «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик, муниципалдык ишканаларынын жана коомдук тейлөө кызматкерлеринин профсоюзунун борбордук комитетинин жалпы ишмердуулугу» жөнүндө Борбордук комитеттин уюштуруу бөлүмүнүн башчысы М.Осмоналиева презентация түрүндө кыскача маалымдады.  Баштапкы профсоюз уюмунун укуктары жана милдеттери, эмгек адамынын укуктары, Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодексинин тийиштүү беренелери жана жааматтык келишимдер боюнча  Борбордук комитеттин төрагасынын орун басары Карабаева Надежда Александровна тарабынан кеңири маалымат берилди. Бардыгы болуп 16 ар тармактын баштапкы профсоюз уюмунун төрагалары, төрайымдары жана райондогу айыл өкмөттөрүнүн жооптуу катчылары катышты. Семинардын жыйынтыгында баардык берилген суроолорго жооп берилди жана профсоюздук активисттер Борбордук комитеттин, Чуй райондук профсоюздук Кенешинин Ардак грамоталары менен сыйланышты .

Добавить комментарий