Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу автотранспорттук мамлекеттик ишканасынын  Жамааттык келишими 2022 жылы кандай аткарылды

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу автотранспорттук мамлекеттик ишканасынын Жамааттык келишими 2022 жылы кандай аткарылды

Жамааттык келишимдер мыйзамынын негизинде мекеменин Жамааттык келишимин аткарылышын талкулоо боюнча Мамлекеттик, муниципалдык мекемелер жана коомдук тейлөө  кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук комитетинин төрагасы менен Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу авто транспорттук мамлекеттик ишканасынын жалпы эмгек жамааты менен жолугушуусу болуп өттү

Жолугушуунун күн тартибинде профсоюздук комитеттин төрагасы Саталканов Азиздин 2022 жылга карата отчету каралды. 

Иш чаранын жүрүшүндө мекеменин жетекчеси Абсаматов Жениш Капарович өз сөзүндө мекемедеги эмгектик жана социалдык-экономикалык мамилелерди жөнгө салууда, профсоюз мүчөлөрүнүн эмгек укуктары сакталгандыгын жана кыска аралыкта алгылыктуу иш чаралар болуп жаткандыгын маалымдады. 

Жыйында Борбордук комитеттин төрагасы К.Ш. Намазов сөз сүйлөп, аталган мекеменин эмгек жамааты менен жакындан таанышып, аларга иштерине ийгиликтерди каалоо менен бирге, социалдык өнөктөштүктүн алкагында профсоюз мүчөлөрүнө комитет тарабынан ар тараптуу колдоолор болуп келгендигин белгилеп, Ысык-Ата, Көгүлтүр Ысык-Көл, Жыргалан жана балдардын ден соолуктарын чындоо борборлоруна 50 дой путевкалар берилип, эс  алуулар  уюштурулду. Профсоздук активистерди 16 ардак грамота менен сыйланды, ошону менен бирге « Профсоюзга ак ниет кызматы учун» казначей Ашымбекова Гульзат Кубанычбековна сыйланды. Мындан ары да Борбордук комитет кызматташууга даяр экендигин маалымдады. 

Жыйындын сонунда суроо жооптор орун алды, профсоюздук комитеттин төрагасынын аткарылган иштери жактырылды.

Бүгүнкү  күндөрдө Борбордук комитеттин ар бир мүчөлүк профсоюздук түзүмдөрүндө  2022 жыл ичинде  Жааматтык келишимдердин аткарылышы , келишимдерде корстүлгон эмгекчилерди социальдык, материалдык жактан колдоо көрстүүгө каралган маселелердин ишке ашуусу каралып, жаны жааматтык  келишимдердин  бекитилиштери каралып жатат.

Ушундай эле иш чаралар бардык областтардын  профсоюздук мекемелеринде жүрүүдө.

Добавить комментарий