Мамлекеттик, муниципалдык мекемелер жана коомдук тейлөө кызматкерлеринин профсоюзунун Ысык-Көл аймактык комитетинини кезектеги III Пленуму жөнүндө

Мамлекеттик, муниципалдык мекемелер жана коомдук тейлөө кызматкерлеринин профсоюзунун Ысык-Көл аймактык комитетинини кезектеги III Пленуму жөнүндө

Мамлекеттик, муниципалдык мекемелер жана коомдук тейлөө кызматкерлеринин профсоюзунун  Ысык-Көл  аймактык комитетинин

кезектеги III  Пленуму 2022 жылдын  9 декабрь октябрь күнү болуп өттү .

Пленумдун күн тартибинде «Ысык-Көл   областтык комитеттин 2021-жылдын II Пленумунун  токтомунун областтык тармактык  профсоюздун органдарынын  аткарылышы боюнча жургузулгөн иштер жөнүндө  жана уюштуруу маселелер  боюнча  маселелер каралды.

Пленумдун ишине Кыргыз Республикасынын мамлекеттик, муниципалдык мекемелер жана коомдук тейлоо кызматкерлеринин профсоюзунун  төрагасы Намазов К.Ш., Профсоюздардын Ысык-Көл  облустук Кеңешинин төрагасы Алымбеков К.И.. жана аймактык комиттеттин мүчөлөрү , профсоюздук активисттер, тармактын ишкана мекемелеринин өкүлдөрү катышышты.

Күн тартибиндеги маселе боюнча мамлекеттик, муниципалдык мекемелер жана коомдук тейлөө кызматкерлеринин профсоюзунун Ысык-Көл облустук  комитетинин төрагасы М.А. Аблабековдун  доклады угулуп, анда чагылдырылган аткарылган иштер, профсоюздук ишмердиктеги кемчилдиктер, көйгөйлөр боюнча Пленумдун катышуучуларынын арасында талкуу болуп, сын пикирлер, сунуштар  айтылды.

Пленумдун аягында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик, муниципалдык мекемелер жана коомдук тейлоо кызматкерлеринин профсоюзунун  төрагасы Намазов К.Ш. тармактык профсоюздун Эл Аралык Федерациясынын  юбилейлик төш белгисин М.А.Аблабековго, Ардак Грамоталарын профсоюздун Ысык-Кол  аймактык комитетинин башкы бухгалтери Э.Исмаиловага  тапшырды жана  үзүрлүү эмгеги, аймактын  коомдук жашоосуна активдүү катышкандыгы, ошондой эле белгилуу коомдук ишмер Батыш Салиеванын 100-жылдык мааракесин откоргонго салымдарын кошкону  үчүн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик, муниципалдык мекемелер жана коомдук тейлөө кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитетинин Ардак грамотасы  менен Түп  районунун Ардагерлер кеңешинин төрагасы — Алдаяров Адылбек Алдаярович  жана Түп районунун ардактуу атуулу — Ашимканов Качкын Шамиевичтер сыйланышты..

Тармактык профсоюздун Борбордук Комитетинин төрагасы Намазов К.Ш., өз сөзүндө , жетишкен ийгиликтер менен бирге жетишпестиктерди да баса белгилеп, профсоюздун Борбордук Комитеттердин ушул багытта жүргүзгөн иштери, аракеттери жөнүндө кенен маалымат берди.

Пленум күн тарбинде каралган маселелер боюнча тиешелүү токтомдорду кабыл алды.

Добавить комментарий