Ысык-Ата районунун профсоюздук ативисттери үчүн окуу семинар

Ысык-Ата районунун профсоюздук ативисттери үчүн окуу семинар

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик, муниципалдык ишканаларынын жана коомдук тейлөө кызматкерлеринин профсоюзунун борбордук комитети, 2022 жылдын 1 декабрында,  Ысык-Ата  районунун мамлекеттик администрациясынын жыйындар  залында, аталган райондун айыл өкмөттөрүнүн жооптуу катчылары жана баштапкы  профсоюздук  уюмдарынын  төрагалары үчүн  Борбордук комитеттин 2 –жарым жылдык иш планыны алкагында:  профсоюз уюмунун негизги функциялары жөнүндө түшүндүрмө, баштапкы профсоюз уюмунун укуктары жана милдеттери баштапкы профсоюз уюмунда жүргүзүлүүчү иш чаралар, иш кагаздар, иш берүүчүлөр менен жумушчунун ортосундагы эмгек мамилелер жөнүндөгү темаларда  окуу семинар  уюштуруп өттү .

Семинарды Борбордук комитетинин төрагасы Намазов Кубанычбек Шаимбекович жана Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Осмонов Алмазбек кириш сөз сүйлөп ачып беришти.

Окуу семинардын жүрүшүндө катышуучуларга «Профсоюз уюмунун негизги функциялары» жөнүндө түшүндүрмө, баштапкы профсоюз уюмунун укуктары жана милдеттери боюнча Борбордук комитеттин төрагасынын орун басары Карабаева Надежда Александровна тарабынан кеңири маалымат берилди. Бардыгы болуп 35 ар тармактын баштапкы профсоюз уюмунун төрагалары, төрайымдары жана райондогу айыл окмотторунун жооптуу катчылары катышты. Семинардын жыйынтыгында баардык берилген суроолорго жооп берилди жана катышуучуларга методикалык китептер профсоюз ишине пайдалануу үчүн берилди.

Добавить комментарий