Ош областынын мамлекеттик мекемелерде иштеген профсоюз уюмдарынын башчылары үчүн окуу семинар өтүлдү

Ош областынын мамлекеттик мекемелерде иштеген профсоюз уюмдарынын башчылары үчүн окуу семинар өтүлдү

Профсоюздун Ош аймактык комитети Кыргызстан Профсоюздарынын Федерациясынын Окуу-методикалык Борборунун Оштогу өкүлү менен биргеликте Ноокат районунун мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында райондун баштапкы  профсоюз уюмдарынын жаныдан  шайланып келишкен төрага жана төрайымдарына «Баштапкы профсоюз уюмунда жүргүзүлүүчү иш кагаздар», «Эмгекти коргоо жана техникалык коопсуздук», «Иш берүүчүлөр менен жумушчунун ортосундагы эмгек мамилелер» жөнүндөгү темада 5 саатык программада окуу — семинар өтүлдү. Окуу – семинардын жүрүшүндө слайддар,  анимациялык  мультфилимдер  колдонулду.

Окуу сабактын алкагында сабактын катышуучуларына «Профсоюз уюмунун негизги функциялары» жөнүндө түшүндүрмө, баштапкы профсоюз уюмунун укуктары жана милдеттери, профсоюз уюмундагы иш кагаздардын номенклатурасы, иш кагаздардын жүргүзүлүүсү боюнча кеңири маалымат берилди. Бардыгы болуп  18    баштапкы профсоюз уюмунун төрагалары жана төрайымдары  катышты.

 Семинардын жыйынтыгында баардык берилген суроолорго жооп берилди жана семинардын  катышуучуларына  «Профсоюздардын алиппеси» деген китеп жана башка методикалык брошюралар   таратылып берилди. 

Добавить комментарий