Мамлекеттик, муниципалдык мекемелер жана коомдук тейлөө  кызматкерлеринин профсоюзунун Ош аймактык комитетинини кезектеги III  Пленуму жөнүндө

Мамлекеттик, муниципалдык мекемелер жана коомдук тейлөө кызматкерлеринин профсоюзунун Ош аймактык комитетинини кезектеги III Пленуму жөнүндө

Мамлекеттик, муниципалдык мекемелер жана коомдук тейлөө кызматкерлеринин профсоюзунун Ош аймактык комитетинин

кезектеги III  Пленуму 2022 жылдын 14 октябрь күнү болуп өттү .

Пленумдун күн тартибинде

  1.   «Ош облусунун жана  Ош шаарынын тармактык профсоюз уюмдарынын социалдык өнөктөштүк боюнча  жүргүзүп жаткан иштери жана алдыдагы милдеттери жөнүндө ».
  2. Уюштуруу маселеси, Профсоюздун Ош аймактык комитетинин мүчөлүгүнөн чыгаруу жана жаңы мүчөлөрдү киргизүү жөнүндө маселелер каралды.

Пленумдун ишине Кыргызстан Профсоюздарынын Федерациясынын төрагасы Кызаев Э. Ш., КПФ төрагасынын орун басары Арстанбеков О., тармактык профсоюздун Борбордук Комитетинин төрагасынын орун басары Карабаева Н. А., Профсоюздардын Ош облустук Кеңешинин төрагасы Тажиев Т. А. Катышып жана аймактык комиттеттин мүчөлөрү , профсоюздук активисттер, тармактын ишкана мекемелеринин өкүлдөрү катышты.

Күн тартибиндеги маселе боюнча мамлекеттик, муниципалдык мекемелер жана коомдук тейлөө кызматкерлеринин профсоюзунун Ош аймактык комитетинин төрагасы Б.Р.Пазыловдун доклады угулуп, анда чагылдырылган аткарылган иштер, профсоюздук ишмердиктеги кемчилдиктер, көйгөйлөр боюнча Пленумдун катышуучуларынын арасында кызуу талкуу болуп, сын пикирлер, сунуштар айтылды.

Пленумдун аягында Кыргызстан Профсоюздарынын Федерациясынын төрагасы Кызаев Э.Ш. тармактык профсоюздун Эл Аралык Федерациясынын  юбилейлик төш белгисин Б. Пазыловго, Ардак Грамоталарын профсоюздун Ош аймактык комитетинин башкы бухгалтери К. Казаковага жана КР өКМ Ош облусу боюнча башкармалыгынын профкомунун төрайымы Н. Мамажановага тапшырды.

Кыргызстан Профсоюздарынын Федерациясынын төрагасы Кызаев Э.Ш.  жана тармактык профсоюздун Борбордук Комитетинин төрагасынын орун басары Карабаева Н. А., өз сөздөрүндө , жетишкен ийгиликтер менен бирге жетишпестиктерди да баса белгилеп, Кыргызстан Профсоюздарынын Федерациясынын, профсоюздун Борбордук Комитеттердин ушул багытта жүргүзгөн иштери, аракеттери жөнүндө кенен маалымат беришти.

Пленум күн тарбинде каралган маселелер боюнча тиешелүү токтомдорду кабыл алды.

Пленумдун иши “ЭЛТР” жана “Ынтымак” телеканалдары аркылуу жа ң ылыктардан чагылдырылды.

Добавить комментарий