Мамлекеттик, муниципалдык мекемелеринин жана коомдук тейлөө кызматкерлеринин Нарын облустук комитетинин кезектеги Пленуму

Нарын облустук комитети профсоюз мүчөлөрүнүн эмгектик жана социалдык-экономикалык укуктарын коргоону күчөтүү, профсоюздук кыймылдын биримдигин чыңдоо боюнча 2020-2025-жылдарга иш-аракеттер Программасын аткарууга багытталаган баштапкы профсоюздук уюмдарды жетектөө боюнча бир катар иштерди жүргузүүдө.

Мамлекеттик, муниципалдык мекемелеринин жана коомдук тейлөө кызматкерлеринин   Нарын   обусундагы   профсоюз  уюмдарынын  тейлөөсүндө 1-октябрь 2022-жылга карата 132 баштапкы профсоюз уюму бар, жалпы профсоюздун мүчөлөрүнүн саны 4948 адамды түзөт. Профсоюздун мүчөлөрүнүн санын сактап калуу жана көбөйтүү боюнча аракеттер көрүлүүдө.

          Үстүбүздөгү жылы облустук комитеттин 4 жыйыны өткөрүлгөн, анда профсоюздук иштин ар кандай багыттары боюнча 13 актуалдуу жана учурдагы маселелер каралган,

Социалдык — эмгек мамилелерди жөнгө салуу максатында облустун профсоюздук органдары тарабынан жамааттык келишимдердин мүмкүнчүлүктөрү пайдаланылат. 7 профгруппадан башка 125 баштапкы профсоюздук уюмдарда жамааттык келишимдер түзүлгөн.

          Жамааттык келишимдердин иш-чараларын аткаруунун жыйынтыктары профсоюздун облустук комитетинин Президиумунун, райондук Кеңештердин  жыйындарында каралып, баштапкы профсоюздук уюмдардын жыйналыштарында талкууланат. Жамааттык келишимдерге ылайык эмгек акы өз убагында берилет, иш стажысына карабастан убактылуу эмгекке жарамсыздыктын алгачкы он күнүнө эмгекке жарамсыздык баракчалары 100% төлөнөт. Юбилейлик даталарга карата сый акылар төлөнүп, стацианардык жана амбулаториялык дарыланууда материалдык жардам көрсөтүлөт, өзгөчө учурларда эмгек акысын сактоо менен 3 күндөн 5 күнгө чейин уруксаат берилет. Жамааттык келишимдерде 14 жашка чейинки мектеп курагындагы 2 же андан көп баласы бар аялдарды социалдык-экономикалык коргоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулууда, аларга акы төлөнүүчү кошумча бош күндөр жана мектеп каникулдарында эмгек акысы сакталбастан өргүү берилет, ымыркай балдары бар аялдар үчүн  өзгөрүлүүчү иш графиктери бар, уюмдарда жана мекемелерде Энелер күнүнө карата 1000 сом өлчөмүндө материалдык сыйлык берүү практиканалат.

Жамааттык келишимдерде кызматкерлерге коопсуз шарттарды түзүү жана эмгегин коргоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулат. Мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын имараттарын капиталдык жана учурдагы оңдоо иштерин жүргүзүү, аларды кыш мезгилинин шарттарына даярдоо каралууда, бул эмгек шарттарын жакшыртууга мүмкүндүк берет.

     Кызматкерлердин эмгекти коргоо жаатындагы укуктарынын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарынын сакталышына коомдук көзөмөл  профсоюздардын эмгекти коргоо боюнча 105 ыйгарым укуктуу өкүлдөрү аркылуу жүргүзүлүп келет.

Профсоюздук активдин жаңылануусу дагы улантылууда. 2022-жылы профкомдун төрагаларынан 12 адам кайра шайланды. Ат-Башы, Ак-Талаа райондорунда профкомдордун төрагаларынын райондук Кеңештеринин төрагалары кайра шайланышты. Жаңы шайланган жолдоштор профсоюздун ишине жаңы дем берет деген ишеничтер бар.

Профсоюз мүчөлөрүнүн эмгек укуктарын жана кепилдиктерин коргоо боюнча иш алып барылууда. Облустук комитеттин кийлишүүсү менен Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын профсоюз мүчөлөрүнө дем алыш күндөрү иштегендиктери учүн компенсациялары эсептелип  211,1 миң. сом төлөп берүү талабы коюлуп  бүгүнкү күндө чечилүү каралууда.

Облустук комитет, профсоюздун райондук Кеңештери жаштар саясатына көңулдөрүн бурууга аракеттерин жасап келет. Жаштардын социалдык-экономикалык  укуктарын коргоо боюнча маселелерди карап туруу максатында облустук Жаштар Кеңеши жана ар бир райондо Жаштар Кеңештери түзүлгөн. Алар тарабынан профсоюз мүчөлөрүнүн ден-соолугун чыңдоого жана алардын эс алуусуна көңүл бурулуп келүүдө. Алып айтсак 2022-жылдын 15-июлунда Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлеринин кесиптик майрамына карата Ат-Башы районундагы мамлекеттик жана муниципалдык мекемелеринин профсоюз уюмдарынын мүчөлөрүнүн арасында спорттун волейбол, аркан тартыш жана шахмат түрлөрү боюнча мелдештер өткөрүлдү. Спорттук мелдешке айыл өкмөттөрдөн 11, мамлекеттик мекемелерден 6 команда катышып, жалпы оюндарга 170 адам тартылды. Мелдешти өткөрүү мамлекеттик жана муниципалдык мекемелеринин профсоюзунун Ат-Башы райондук Кеңеши тарабынан демилгеленип 20 миң сом акча каражаты берилди, бул демилгени колдооого алып Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акими өзүнүн резервдик фондусунан 10 миң сом бөлүп берди, мамлекеттик жана муниципалдык мекемелеринин профсоюзунун Нарын облустук комитетинен 10 миң сом каржыланып жалпы мелдештин байге фонду 80 миң сомду түздү. Ат-Башы районунда мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлеринин профсоюз мүчөлөрүнүн арасында биринчи жолу мындай мелдеш уюштурулуп жеңичүүлөргө диплом, медальдар, акчалай сыйлыктар тапшырылды жана  баардык 170 катышуучуга сый тамак уюштурулуп берилди жана мындай иш-чаралар жыл сайын өткөрүлүп тураары белгиленди.

Профсоюздук уюмдарда аткаруучулук тартипти чыңдоо боюнча иш-аракттер жүргүзүлүүдө. Борбордук, облустук комитеттеринин пленумдарынын, президиумдарынын чечимдери райондук Кеңештерге жана баштапкы профсоюздук уюмдарга жеткирилип аткарууга алынууда.

Профсоюздук кыймылды өнүктүрүүгө, иштеп жаткандардын социалдык, экономикалык жана укуктук кызыкчылыктарын коргоого белгилүү салымын кошкон профсоюздук активистерди, тармактык кызматкерлерди, социалдык өнөктөштөрдү мотивациялоо жана моралдык дем берүү максатында активдүү коомдук иштери, үзүрлүү эмгеги үчүн  жана кесиптик майрамдарга карата мамлекеттик жана профсоюздук сыйлыктарга үстүбүздөгү жылы 48 адам көрсөтүлүп сыйланышты.

     Облустун профсоюз активистерине профсоюздук иштин негизги багыттары боюнча уюштуруучулук-методикалык жардам көрсөтүү максатында облустук комитет тарабынан 2022-жылдын 7-сентябрынан 11-сентябрына чейин райондордо бир күндүн окуу-семинарлар уюштурулуп өткөрүлдү. Бул семинарларда  80ден ашык профсоюздун активистери катышып кеңири маалыматтар берилип пайдалуу болгондугу белгиленди. Жер-жерлерде өткөрүлгөн семинарларда профсоюздук иштин маанилүү маселелерине көп көңул бурулду: профсоюзга мүчө болууга мотивациялоо, жамааттык келишимдик кампания, жумуш берүүчү менен өнөктөштүк мамилелерди түзүү, эмгекти коргоо, техникалык коопсуздук маселелер жана башкалар.

Муну менен бирге облусубуздагы профсоюз уюмдары профсоюз мүчөлөрүн социалдык-экономикалык коргоо жаатындагы 2020-2025-жылдарга иш-аракеттер программасын аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодексинин 409-беренесине ылайык профсоюздарга берилген укуктар толук пайдаланылбай келет. Айрым уюмдарда ички эмгек тартибинин эрежелери, профкомдор менен макулдашылып бекитилген эмгек өргүүлөрдүн графиктери илинбейт.

Жер-жерлерде алдыдагы милдеттерди өз убагында жана сапаттуу чечүү уюштуруучулук-аткаруучулук тартипке жооп бербейт, профкомдордун жыйналыштарын, жыйындарын өткөрүү мөөнөттөрү боюнча уставдык талаптар бузулууда. Күн тартибине актуалдуу болгон маанилүү маселелер аз киргизилет, көбүнчөсү путевкаларды бөлүштүрүү, сыйлыкка көрсөтүү, кесиптик жана башка майрамдарды өткөрүүгө көнүлдөр бурулуп келет. Профсоюз уюмдарынын төрагаларынын райондук Кеңештери, баштапкы профсоюздук уюмдар мыйзамдык базаны пайдалануу менен жер-жерлерде аткаруучулук жана уюштуруучулук ишти жакшыртуулары керек.

     Профсоюзду уюштуручулук жактан чыңдоо, уставдык талаптарды аткаруу, иштөө методдорун өркүндөтүү, аткаруу тартибин күчөтүү боюнча натыйжалуу иштерди жүргүзүүгө толук жетише албай жатканыбызды моюнга алышыбыз керек. Айрым учурларда профкомдун төрагаларына принципиалдуулук, чечкиндүүлүк жетишбейт, натыйжада профсоюздун кадыр-баркы  жана ага болгонишенимдин деңгээли төмөн болгон учурлар да бар.

Нарын районунун айыл өкмөттөрүнүн муниципалдык кызматкерлери Кесиптик бирликтер жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, Кыргызстандын  профсоюздарынын Уставын одоно түрдө бузуп, тармактык кесиптик  принциптерди сактабай Айыл-чарба кызматкерлеринин профсоюзунда жүргөндүктөрү өкүндүрбөй койбойт. Буга жол берген эки нерсе бар: биринчиден Айыл-чарба кызматкерлеринин профсоюзунун борбордук комитети өзүлөрүнүн аталышына “жана айылдагы муниципалдык кызматкерлеринин” деген карандай калпты кошуп алып Юстиция Министрлигинен катттоодон өткөрүп алганы, экинчиден профсоюз мүчөлөрүнүн санын эч негизсиз көп көрсөтүшүп путевкаларды ашыгы менен  алышып кааалагандай таратып жүргөндүгү. Бул терс көрүнүшкө Кыргызстан Профсоюздар Федерациясы, профсоюздун Борбордук Комитети тарабынан чекит коюлчу мезгил жетти деп эсептейбиз. Урматтуу Кубанычбек Шаимкулович! Сиздин биздин Пленумга катышып атканыңызды пайдаланып бул маселени тиешелүү жерлерге коюп чечип берүүңүздү суранып кетебиз.

Ошондой эле Нарын районунун айыл өкмөттөрүнүн муниципалдык кызматкерлери иштеген жеринде айлык алаарда мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматкер болушат, ал эми профсоюзга келгенде “Айыл чарба кызматкерлеринин кесиптик бирлигине  мүчө болуп жүрүшөт” муну кандай түшүнсө болот?  Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызмат жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 13 беренесинин 16 пунктунда кызматчы “кесиптик бирликтерге биригүү”  укугу бар деп белгиленген. Бул жерде айыл чарба кызматкерлери деген кесип жөнүндө сөз жок жана “айыл чарбадагы муниципалдык кызматкер ” деген  дагы түшүнүк жок деген ойлоймун.

Ал эми кесиптик бирликтер жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1 беренесинде “ …кесиптик бирликтер ишинин түрү боюнча жарандардын ыктыярдуу коомдук бирикмелери”  деп  турат жана 8 беренесинде “ …баштапкы кесиптик бирлик уюмдары кесиптик бирликтердин республикалык бирикмелеринин уставы боюнча иштейт” деп көрсөтүлгөн.  

Бул көрүнүш мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматкерлердин абройуна шек келтирбейби деген суроо туулат. Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматкер абройлуу, таза, мыйзамдарды так сактаган адам болуш керек деген үмүт эл ичинде бар экенин баарыбыз билебиз. Ушул маселеге Сиздер тараптан дагы баа берилет деп ишенебиз.

Мамлекеттик, муниципалдык мекемелердин жана коомдук тейлөө кызматкерлеринин профсоюзунун Нарын облустук комитети, профкомдордун төрагаларынын райондук Кеңештери, баштапкы профсоюз уюмдары мындан ары да 2020-2025-жылдарга иш-аракеттер Программасында көрсөтүлгөндөй профсоюз мүчөлөрүнүн эмгектик жана социалдык-экономикалык укуктарын коргоону күчөтүү, профсоюздук кыймылдын тармактык принциптерин сактоо жана биримдигин чыңдоо боюнча бүт күч-аракеттерин жумшаарын билдиребиз. 

Добавить комментарий